Сентябрь айынын башында Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсү ачылганы турат. Бул шаардын борбордук көчөлөрүнүн бири. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында быйыл Каракол шаарынын үч чакырымдан ашык ички жолдору оңдолууда.
Бул максатта атайын Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен каражаттар каралган.