Жаңылыктар
Экотуризмди өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдө фестиваль өтөт
Туризм
Экотуризмди өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдө фестиваль өтөт

Ысык-Көл облусунун Тосор айылында "Алтын кум - 2019" аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Маалыматка ылайык, саамалык 28-июлда болот.

"Фестивалдын негизги максаты - экотуризмди өнүктүрүү жана жаштарды спортко, маданиятка кызыктыруу. Иш-чаранын алкагында кыргыз күрөш, кум үстүндө волейбол, футбол жана шахмат боюнча мелдештер уюштурулат", - деп жазылат маалыматта.

Салтка айланган фестиваль үчүнчү ирет өтүп жатат.