Жаңылыктар
Тажикстандагы сел үйлөрдү кыйратып, эгин талааларын жууп кетти
Дүйнө
Тажикстандагы сел үйлөрдү кыйратып, эгин талааларын жууп кетти

Тажикстандын чыгышындагы Сангвор районунда селден улам көпүрө бузулуп, үйлөр жана жолдор суунун алдында калды. Маалымат каражаттары кабарлагандай, табият кырсыгы бир нече үйдү кыйратып, жашылча, эгин талааларын жууп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети чыгымды баалоо үчүн атайын топ түзүп, аймакка жөнөттү. Жабыркагандар жок.

Комитет өткөн аптада аба ырайы өтө ысый турганын эскертип, жарандарды этият болууга чакырган. Мекеме тоолуу аймактарда кар, муз эрип, суу кириши мүмкүн экенин билдирген.

Быйыл март айында Сангвор районунда кар көчкү жүрүп, онго жакын турак жай бузулган.