Жаңылыктар
«Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун активдүү лидери кармалды
Кылмыш
«Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун активдүү лидери кармалды

 

ИИМнин маалыматында,  ыкчам  иш-аракеттердин натыйжасында,  Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы тургунунун үйүнөн   "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун көптөгөн адабияттары табылды.  

Алдын  ала  болжолдуу маалымат боюнча, ал   Жалал-Абад, Чүй облустары жана Бишкек шаарынын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүн жүргүзүп, калктын аялуу катмарындагы адамдарды уюмга тартып жүргөн.  

26-июнда Ленин райондук сотунун чечими менен  убактылуу кармоочу жайга 1 айга камалды.