Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык 5 жаштагы бала ата-энесине кайтарылды
Кырсык
Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык 5 жаштагы бала ата-энесине кайтарылды

 Ысык-Көл  районунун  Бостери айылындагы пансионатта дайынсыз жоголгон казакстандык 5 жаштагы бала табылды.

Маалыматка караганда, 15-июлда саат 15:00 чамасында Казакстандан келген туристтер туристтик милиция кызматкерлерине дайынсыз жоголгон уулун издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.  

Издөө иш-чаралары  жүргүзүлүп, 1 сааттын ичинде 5 жаштагы бала  башка эс алуучу  жайдан табылды. Абалы жакшы, ата-энесине берилди.