Казакстандын президенти Арыстагы аскер кампасындагы жарылууга байланыштуу коргоо министрине катуу сөгүш жарыялады.
15-июлда Өкмөттүн отурумун өткөргөн президент Токаев Арыстагы жарылуунун себебин «системалык кемчиликтен жана аскердик мекемедеги көзөмөлдүн жетишсиздигинен» көрө турганын айтты.
24-июнда, Арыста ок-дары сакталган кампа жарылып, үч киши мерткеткен. Медициналык жардамга 400дөй киши кайрылып, 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган.