Жаңылыктар
Кыргызстандыктар таэквондо боюнча чемпионатта 11 медаль утушту
Спорт
Кыргызстандыктар таэквондо боюнча чемпионатта 11 медаль утушту

 Кыргызстандык спортчулар Кореядагы таэквондо боюнча ачык чемпионатта 11 медаль утушту. Мелдештер  5-15-июль күндөрү Чунчонг шаарында өткөн.  

Таймашка  60 өлкөдөн 2500 спортчу катышты. Кыргызстандан барган   спортчулар 2 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту.