Бишкек шаарынын 7- кичи районундагы үйлөрдүн биринде чыккан өрттүн кесепетинен, иске ууланган 1 киши ооруканага жаткырылды. Кырсык , кечээ 15-июлда катталып, жалпы 60 чарчы метр 2 бөлмөлүү батир күйгөн. Учурда Өрттүн себептери такталууда.
Ошондой эле борбордогу 7-кичи райондо жайгашкан «Юрфа» медициналык клиникасына тиешелүү имаратта өрт чыкты. ӨКМдин маалыматы боюнча, медициналык борбордун 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Бактыга жараша эч ким жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат. Белгилей кетсек, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 30 өрт кырсыгы катталды.