Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүү жүрдү
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүү жүрдү

Тажикстандын Исфара шаарында мамлекеттик чек аранын калган участокторунун сызыгын чийүүнү тездетүү үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участокторунун сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты. Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым Мамлекеттик чек ара участокторун биргелешип талаада текшерүү өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүү жана достук маанайда өттү. Кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүү мерчемделди.