Жаңылыктар
Балдардын балмуздак жасалган фабрикадагы саякаты
Мекендештер
Балдардын балмуздак жасалган фабрикадагы саякаты

Кээде ысыктан коргонуу үчүн салкын сууга чайынып, көлмөлөргө гана түшпөстөн, балмуздак алып жеген күндөр болот. Дүкөндөрдө булмуздак түрүнүн көптүгүнөн да баш айланат. Балалыгы Совет мезгилине туш келген улуу муун, ошол кездеги эскимо, крем-брюле аталышындагы балмуздактардын даамы кайталангыс экенин ушул кезге чейин айтып калышат. Азыр деле санына эмес, сапатына көңүл бурган фабрикалар бар экендиги кубантпай койбойт. 

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринин балдарынын көптөн бери кыялы орундалып, балмуздак жасалган фабрикага саякат жасашты. Экскурсия мезгилинде ата-энелер менен алардын балдарына балмуздак даярдоонун сыры үйрөтүлүп, анын кантип жасалары баштан аяк көрсөтүлдү. Бардык келген конокторду бул таттуудан ооз тийүү учуру кызыктырды. Балмуздактарды тоңдурганга чейинки, жумшак таттууну фабрикадан гана ооз тийүүгө болот экен.

Балмуздак дүйнөсүнө болгон саякат узакка созулду. Фабриканын жумушчулары экскурсиянын катышуучуларына үлгү сабактарды да көрсөтүштү. Бул жерде балмуздак отуздан ашык татым менен чыгарылат. Ата- энелер да балдары менен кошо кубанып, аз да болсо күнүмдүк жумушунан эс алып, балалыктын даамын бир саамга эстегендей болду.

Фабрикадагы жумушчалардын 50-60 пайызы – биздин мекендештер. Алар жетекчилик тарабынан да мактоого алынып, көбү өз ишинин мыкты чебери атыккан. Кытай Эл Республикасынын төрагасы дагы орус балмуздагын жактырат. 15-июнда Дүйшөмбү шаарында Россиянын президенти Владимир Путин Си Цзиньпинди 66 жаш курагы менен куттуктап, дал ушул фабрикадан чыгарылган балмуздак белекке берген.