Жаңылыктар
Ош шаарында 6 айда 261 жол кырсыгы катталды
Аймак
Ош шаарында 6 айда 261 жол кырсыгы катталды

Ош облусунун аймагында алты ай ичинде 261 жол кырсыгы болду.  Анын кесепетинен 52 адам каза болуп, 434ү  ар түрдүү жаракат алып, ооруканага кайрылган. 

Бул күндөрү  Ош облусунда   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү  "Рулда" аттуу  рейд өткөрүүдө. Жыйынтыгында жол эрежесин бузган  400дөн ашык   факты катталган. Анын ичинде  мас  абалда, айдоочулук күбөлүгү жана документи жок машина айдаган  фактылар белгилүу болгон.