Жаңылыктар
Кыргызстан Кимберли жараянын тастыктоочу эл аралык түзүмгө кошулду
Экономика
Кыргызстан Кимберли жараянын тастыктоочу эл аралык түзүмгө кошулду

Кыргызстан Кимберли жараянын тастыктоочу эл аралык түзүмүнө кошулду. Тийиштүү чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Аталган чечим баалуу таштарды Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташып кирүү жана Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө Жобону ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

"Мындан улам, Кыргызстандын "Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Кыргызстан Кимберли процессин сертификациялоонун эл аралык схемасына кошулууга макулдугун билдирди. Андан сырткары, Кимберли процессин сертификациялоонун эл аралык схемасын эске алуу менен, тиркемеге ылайык, иштетилбеген табигый алмаздарын Кыргызстандын аймагына ташып кирүү жана ташып чыгуу эрежелерин бекитүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Кимберли процесси - өкмөттөр арасында ишке ашкан эл аралык демилге. Анын негизги максаты — дүйнөлүк рынокко мыйзамдуу жол менен казылып, иштетилген алмазды алып чыгуу. Кимберли процесси эл аралык уюм болуп саналбайт, анын туруктуу кеңсеси же туруктуу кызматкерлери жок. Буга кошулган мамлекет өзүнүн улуттук шарттарына, каада-салттарына жана баалуу таш рыногундагы ордуна ылайык улуттук тастыктама түзүмүн иштеп чыгат жана ишке ашырат.