Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасынын калган тилкелерин тактоо боюнча тараптар жолугушту
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасынын калган тилкелерин тактоо боюнча тараптар жолугушту

 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Эльёр Ганиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөр 10-14-июлда Ош шаарында болуп, эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумуш тобунун кезектеги жолугушуусу өттү. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек ара тилкесинин айрым бөлүктөрүн биргелешип текшерүү тууралуу макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү. Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында болот.