Жаңылыктар
Кыргызстанга Түштүк Кореянын өкмөт башчысы расмий сапары менен келет
Саясат
Кыргызстанга Түштүк Кореянын өкмөт башчысы расмий сапары менен келет

Кыргызстанга Түштүк Кореянын Премьер-министри Ли Нак Ён 2019-жылдын 17-июлунан 19-июлуна чейин расмий сапары менен келет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

"Корея Республикасынын Премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган, анын ичинде "Кореянын 50дөн ашуун компаниясынын катышуусунда кыргыз-корей бизнес-форумун, "В2В" түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалган", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар соода, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну талкуулашат.

Маалыматта Кореянын Премьер-министрин Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алары айтылган. Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда.