Жаңылыктар
Оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан июндун биринен 31-августка чейин жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Кабыл алынган талапка ылайык, абанын температурасы 28 градустан ашкан маалда , 25 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат. 

Чектөөдөн ӨКМ менен Транспорт жана жолдор министрлигинин курулуш иштерине тартылган унаалары бошотулган. Аталган иш мерчемдери боюнча айдоочуларга алдын-ала маалыматтар берилет. Мыйзамга баш ийбегендерге айып пул салынып, алардын жоопкерчилиги каралат. Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан соңку бир айдын ичинде 900дөн ашуун оор жүк ташуучу унаа токтотулуп, 58 протокол түзүлгөн. Аталган башкармалыктын карамагында Ош - Бишкек унаа жолунун 595-чакырымынан 680-чакырымына чейинки аймагы жана 300 чакырымдагы Ош - Эркечтам - Сары-Таш - Исфана жолу бар.

"МАИ кызматкерлери менен биргеликте рейд уюштуруп турабыз. Мында алдын-ала эскертүүдөн баш тарткандарга айып пул салынат. Максатыбыз жолдогу асфальтты бузулуудан сактоо",- деди Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакай Жолдошбаев. 


.