Жаңылыктар
Казакстанда бачабаздарды бычуу мыйзамы кабыл алынды
Кылмыш
Казакстанда бачабаздарды бычуу мыйзамы кабыл алынды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бачабаздарды бычып салуу мыйзамына кол койду. Маалыматка ылайык, кылмышкерлер соттун чечими менен күнөөлүү деп табылганда, алар мажбурланган бычып салуу башкача айтканда химиялык кастрация тууралуу процедурасынан өтөт. Ал арада Кыргызстанда соңку кезде жашы жете электерди, анын ичинде наристелерди зордуктоо учурлары көбөйүп, коомчулуктун  башкы көйгөйүнө  айланды. Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы  бачабаздарды бычуу маселеси Акыйкатчы тарабынан кайрадан көтөрүлдү.

Соңку жылдары дүйнө өлкөлөрүндө жашы жете электерди зордуктоо тууралуу төбө чачты тик тургузган окуялар көп катталууда.Бул маселеде Кыргызстан дагы чете  калган эмес. Күн сайын массалык маалымат каражаттарына жашы жете электер менен наристерлердин чоңдордон запкы жеп, зордукталганы байма –бай маалымадалып келет. Маселен мындай окуя жакында эле Талас облусунда катталып, чоң эле эркек киши 11 жаштагы кызды эки жылдан бери зордуктап жүргөнү ачыкка чыкты. Бул тууралуу жабыркаган жашы жете элек кыздын эжеси Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылынын тургуну Рахима Айкымбаева билдирген болчу.

Чет өлкөлөрдө бачабаздарга  карата өтө катал чаралар көрүлүп келет. Жакында эле Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев дагы бачабаздарды бычып салуу мыйзамына кол койду. Бул документке ылайык, эми кылмышкерлер соттун чечими менен күнөөлүү деп табылганда, алар мажбурланып бычуу  процедурасынан өтөт. Буга чейин Казак парламентинин Жогорку палатасы Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү кабыл алып, ага ылайык, бачабаздарды химиялык жол менен бычууга уруксаат берилген. Казакстан Парламентинин Сенатынын депутаты Барганым Айтимова  сөз бир жолку ийне саюу тууралуу болуп жатканын билдирген.

"Химиялык жол менен бычуу – бул  убактылуу көрүнүш, бул адамды сексуалдык зордук-зомбулукка бардырбоонун бир  жолу. Бул бир жолку ийне саюу. Ага ийне сайса эле ал өмүр бою ошол бойдон калат  дегенди билдирбейт. Такыр мындай эмес. Анын үстүнө бул медициналык уюмдардын  соттук чечими болгон учурда гана мүмкүн болот. Өзгөртүүлөр талкууланды, бирок эгерде биз ушундай жол менен жок дегенде бир баланын өмүрүн сактап калсак, анда  буга барышыбыз керек".

Казакстандагыдай эле бул көйгөй Кыргызстанда дагы көп жылдардан бери көтөрүлүп келет.Өткөн Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында дагы көйгөй  көтөрүлүп, ага  өлкө башчы Алмазбек Атамбаев дагы өз оюн билдирген болчу.

Маселе терең ойлонууну талап кылаары эске алынып, бачабаздарды бычуу тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган эмес. Ал арада жакында эле Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары  Акыйкатчынын жылдык отчетун угуп жатканда, Кубат Оторбаев бачабаздарды  бычуу тууралуу маселени кайрадан козгоду. Анын берген маалыматына ылайык, былтыр жашы жете электерге карата миңден ашуун кылмыш катталып, анын 180ден ашууну сексуалдык мүнөздө болгон. 74 бала сексуалдык кыйноолорго туш болгон. Бирок бачабаздарды бычуу тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Төрөбай Зулпукаров, бул багытта мыйзам долбоору буга чейин четке кагылганын билдирди. 

Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү мындайларды өлүм жазасына тартууга кол чогултууга чейин барышкан. Ал арада жашы жетелектерге зордук-зомбулук көрсөтүү фактылары менен катар, жазасыз жүргөн кылмышкерлер дагы көбөйдү. Бачабаздарды жазалоо дүйнөлүк тажрыйбага айланып баратат. Маселен Орусияда бачабаздарды бычуу тууралуу мыйзамга мындан 4 жыл мурда кол коюлган.Мындай ыкманы 80-жылдары Америка Кошмо штаты колдонууга аргасыз болсо, эми Казакстанда дагы бул чара киргизилип жатат. Ал арада эл аралык эксперттер бардык эл аралык конвенцияларга карабай, жаш балдардын тагдырына балта чаап жаткан бачабаздарга катал чара көрүү керек-деген пикирди карманышат.

М. Абдраманова, "Биринчи радио"