Жаңылыктар
Чет элдик жарандардын коопсуздугу үчүн туристтик милиция иш алып барууда
Туризм
Чет элдик жарандардын коопсуздугу үчүн туристтик милиция иш алып барууда

Жайкы ысык аптапта Ысык-Көл облусуна болгон эс алуучулардын саны күн санап өсүүдө. Мында чет элдик туристтердин да агымы аз эмес. Чет элдик жарандардын коопсуздугун өз деңгээлинде камсыз кылуу максатында түзүлгөн туристтик милиция иш алып барууда.

Чет тилдеринде эркин сүйлөгөн кесипкөй адистер тууралуу коомчулукта жылуу пикирлер айтылууда. Учурда Ысык-Көлдүн жээгинде аталган кызматтын он кызматкери нөөмөт менен иш алып барышууда. Туристтик милициянын бир күндүк ишине аймактык кабарчыбыз Эдил Мелисбек абай салган.


Бир канча чет тилдерин мыкты билген туристтик милиция кызматкерлери азыр Чолпон-Ата шаарынын эс алуучулар көп топтолгон көл жээктерине жалпы көзөмөл жүргүзүү үчүн чыгышкан. Аларга чет элдик жарандарга ар тараптан жардам көрсөтүү, ар кандай кырдаалга кабылган учурда көмөк көрсөтүү милдети жүктөлгөн.


Туристтик милициянын он кызматкери Бишкектен келип кезектешип көл жээгинде кызмат өтөшүүдө. Мындан сырткары дагы жыйырма эки кызматкер Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын алдында түзүлүп, алар Каракол шаары Жети-Өгүз, Түп, Тоң райондорунда иш алып барышууда.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн алгачкылардан болуп Өзбекстанда туристтик полиция 2017-2020 -жылдары ишке кирген. Коңшу өлкөдө коопсуз туризмди камсыздоо үчүн Бухара, Самарканд, Шахрисабз жана башка аймактарда туристтик полиция иштеп жатат. Тажик бийлиги ушул тапта туристтик милицияны түзүү боюнча аракеттерин баштады. Туристтик милиция эс алуучулардын коопсуздугун эле эмес, туристтер тараптан жергиликтүү мыйзам же коомдук жүрүм-турум эрежелеринин сакталышын да көзөмөлдөшөт.