Жаңылыктар
Европа комиссиясынын жаңы жетекчиси дайындалды
Дүйнө
Европа комиссиясынын жаңы жетекчиси дайындалды

Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен Европа биримдигинин жогорку аткаруу бийлик органы саналган Европа комиссиясынын башчылыгына шайланды. Ляйенди 383 депутат колдоп, 327си каршы болду. Анын талапкерлиги Европа биримдигинин Брюсселдеги саммитинде жана Европарламенттеги дебаттарда талкууланган.

Урсула фон дер Ляйен Европа комиссиясын башкарган алгачкы аял саясатчы болот. Буга чейин Германиянын Коргоо министрлигин жетектеген биринчи аял катары белгилүү болчу. Фон дер Ляйен климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү күчөтөөрүн, ошондой эле Европа Биримдигиндеги ички бөлүнүүнү жоюу, АКШ менен соода алаканы бекемдөөнүн үстүндө иш алып бара турганын убада кылды. Европа комиссиясынын азыркы жетекчиси Жан-Клод Юнкердик мөөнөтү октябрь айынын аягында соңуна чыгат.

"Мен жеңишти кубануу жана жеңилдөө менен кабыл алдым. Анткени, менде парламентти ынандыруу үчүн 13 күн гана убакыт бар эле. Алдыда климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү. Европа биримдигин бекемдөө милдети турат. Албетте, парламент абдан көп түрдүү. Бирок дал ушул жерде чоң саясий маселелер чечилиши керек. Европа парламентин биз саясий чечимдер кабыл алынуучу биринчи европалык борбор кылабыз",- деди Европа комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен.