Жаңылыктар
Зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга учуп кетти
Дин
Зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга учуп кетти

Кыргызстандан ажылык сапарга аттанган мусулмандардын алгачкы тобу 17-июлда таңга жуук Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясына учуп кетти. Муфтияттын маалымат кызматы билдиргендей, 1-августка чейин Бишкектен жана Оштон 18 жолу авиакаттам уюштурулуп, 6 миң 10 адам диний жөрөлгөнү аткарууга барат. 

Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылыкка барыш үчүн кыргызстандыктарга берген орун былтыркыдан 500гө көп. Зыяраттын баасы бир кишиге 3 миң доллар. Ажылык амалды аткаруу - ислам дининдеги негизги беш милдеттин бири. Зыярат жылына бир жолу болот. 

Мусулмандар Курман айт намазын Сауд Арабиясынын Мекке шаарында окуйт. Зыярат бул калаадагы Кааба имаратынын тегерегинде, Мадина шаарындагы ыйык саналган жерлерде болот.