Жаңылыктар
Абылгазиев айыл чарба продукцияларынын түшүмүн жогорулатууга чакырды
Айыл чарба
Абылгазиев айыл чарба продукцияларынын түшүмүн жогорулатууга чакырды

Өкмөт башчысы көлөмгө гана эмес, сапатка да маани берүү зарыл экенин белгиледи. Ысык-Ата районунун Люксембург айылында өткөн, айыл чарбасына арналган жыйынга фермер, агроном, үрөнчүлөр катышты. Сугат суунун жетишсиздиги өңдүү тармактагы көйгөйлөр тууралуу да сөз болду.

Агрардык өлкө катары саналган Кыргызстанда соңку жылдары айыл чарбасына артыкчылык берилип келатат. Бирок продукциянын сапатына, көлөмүнө байланыштуу да көйгөй бар.

Дыйкандар өкмөт башчысына тармактагы эң көйгөйлүү маселелерди жеткиришти. Сугат суунун жеткиликтүү болбой жатышы талаада тер төккөн элеттиктердин негизги түйшүгү.

Өкмөт башчысы менен жолугушууга айыл чарба тармагынын ар багытында эмгектенген ишмерлер катышты. Үрөнчүлөр, жер семирткич даярдаган ишкананын өкүлдөрү өз продукцияларын чогулгандарга көрсөтүштү.

Жамааттык чарбалар иштеп жаткан өлкөдө айыл чарба тармагы өнүккөнүн тажрыйба көрсөтүүдө. Кыргызстанда да кооперативдер тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык керектөөчүлөр менен сүйлөшүү жүргүзүп, жаңы технологияларды бирге иштеп чыгууга жол ачылат.