Жаңылыктар
Көчмөндөр оюнуна даярдык күч
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюнуна даярдык күч

Дүйнөдө улуттук оюндардын пиктограммасы пайда болду. Ал Кыргызстандын борбордук “Ала-Тоо” аянтында орун алып, анда көчмөндөр оюндарынын 12 түрүнүн сүрөтү чагылдырылды.

Бишкек шаарынын борборунда орун алган сүрөттөр түркүн-түскө боёлуп, көз жоосун анчейин деле албайт. Бирок жакыныраак барып караган адамды сөзсүз ойго салат. Тарыхый булактардан алынган салбуурун, ат чабыш, көк бөрү, тогуз коргоол, ордо сыяктуу оюндардын символу улуттук стилде иштелип чыккан. Андагы ар бир белгини Саймалуу-Таш коругунан да көрүүгө болот. Негизи, профессионалдык спортто өзүнүн пиктограммасы болот. Башкача айтканда, ошол белги аркылуу оюн эсте калуусу керек.

Көчмөндөр оюндарын даңазалоо, ага катышууга үгүттөө максатында коомдук унааларга, улуттук ичимдиктерге да атайын белгилер тагыла баштады. №42 каттамдагы автобус жана №8 троллейбустар жасалгаланды.
Жасалгалоого кабылуучу шаардык унаалардын саны 10 даананы түзүп, каттамдар дагы тандалат. Жасалгалоо концепциясы республика боюнча ишке ашырылат. 


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын брендине ылайык жасалгаланган аянттагы белгилер эмнени түшүндүрөт?