Жаңылыктар
Зергердик тармагын өнүктүрүү боюнча концепция бекитилди
Экономика
Зергердик тармагын өнүктүрүү боюнча концепция бекитилди

Кыргызстандын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, концепция зергердик тармакты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды, жумуш орундарын түзүү жана зер буюмдарды өндүрүүчү ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыкты.

"2022-жылдын аягына чейин ата мекендик ишканалардын алтынды жана күмүштү керектөөлөрүнүн жылдык көлөмүн 1 тоннага жеткирүү максаты коюлду. Бул зергердик тармакта дагы 2,5 миң жумуш ордун түзгөнгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, концепцияда зергердик продукцияларды экспорттоого ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.