Жаңылыктар
Түштүк Кореянын Премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен Кыргызстанга келди
Саясат
Түштүк Кореянын Премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен Кыргызстанга келди

Түштүк Кореянын Премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен 17-июлда Кыргызстанга келди. Аны "Манас" эл аралык аба майданынан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Түштүк Корея Премьер-министринин сапары 19-июлга чейин созулат. Анын алкагында 50дөн ашуун кореялык компаниялардын катышуусунда бизнес-форум, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалган. 

Тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну талкуулашат. Түштүк Корея өкмөт башчысын Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алары мерчемделүүдө.