Жаңылыктар
“Ак Кула” ат майданын оңдоп-түзөө боюнча архитектуралык сынак жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
“Ак Кула” ат майданын оңдоп-түзөө боюнча архитектуралык сынак жарыяланды

“Ак Кула” ат майданын оңдоп-түзөө боюнча архитектуралык сынак жарыяланды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди. Сынактын жеңүүчүсүнө 500 миң сом, биринчи орунга 200, экинчиге 150 жана үчүнчү орун үчүн 100 миң сом каралган. 

Андан сырткары байге фондунан 25 миң сомдон эки кызыктыруучу сыйлык да бар. Сынактын шарты боюнча ипподромдун имаратын бузбай, оңдоп, жаңылоо жана отургучтардын санын көбөйтүү, унаа токтоотучу жай маселесин чечүү керек.

2017-жылы ипподромду оңдоо маселеси Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн улуттук оюндан кийин көтөрүлүп, өкмөттүк жыйында аны оңдоп-түзөөгө 650 миллион сом сарпталары айтылган.