Жаңылыктар
Бишкекте кыргыз-корей бизнес форуму өттү
Экономика
Бишкекте кыргыз-корей бизнес форуму өттү

 Кыргызстан менен Түштүк Кореянын бизнес форуму өттү. Ага катышкан Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт инвесторлорду ар тараптан колдоорун айтып, өлкөгө каражат салып, бизнес кылууга чакырды. Жыйындын жүрүшүндө ишкерлердин ортосунда эки документке кол коюлду. Бирок бул чек эмес. Форум эртең да уланып, бир катар келишимдер болжолдонуп жатат.