Жаңылыктар
УКМК ККК: өлкөгө мыйзамсыз ташылып келинген унаалар аныкталды
Коррупция
УКМК ККК: өлкөгө мыйзамсыз ташылып келинген унаалар аныкталды

Мурда белгилүү болгондой, УКМК ККК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражаттарын каттоо департаментинин каттоо-экзамендик бөлүмүнүн (азыркы учурда КР Өкмөтүнө караштуу МККалдындагы «Унаа» Мамлекеттик ишканасы) кызмат адамдарына карата  козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес Прибалтика, АКШ, Грузия өлкөлөрүнөн өлкө аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын, бажы алымдарын төлөбөстөн киргизген. Натыйжада бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

УКМК органы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын июль айынын башында Кыргызстандын аймагына жогоруда айтылган коррупциялык схема менен алынып келинген«Лексус» жана «Шевроле» маркасындагы 2 авто унаа кармалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу МКК тарифтик сеткасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирген автоунааларды катоо жана алып келүүдө алдын ала 2 млн. 608 миң сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында унааларды мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схемаларга катыштыгы бар тараптар жана аларга тиешеси бар МКК кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.