Жаңылыктар
Кыргызстанда окумуштуулар тобу рак ооруларын дарылоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышты
Ден соолук
Кыргызстанда окумуштуулар тобу рак ооруларын дарылоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышты

Кудайбергенова, Чакеев, Лепшин, Фаизова, Кылчыбаевден турган окумуштуулар тобу тажрыйбанын негизинде онкологиялык дартты дарылоо ыкмасын патенттеди.

Кыргызпатент билдиргендей, дарылоо нур терапиясы жана өсүмдүктөн жасалган дары аркылуу шишикке таасир этүү ыкмасын колдонот. 

Дарынын курамында кызылчанын улпагы же цитрус өсүмдүктөрүнөн алынган пектин заты бар. Бейтаптын ашказанына 650 мг өлчөмүндө киргизүү жолу менен 7 күн дарыланат.