Жаңылыктар
Япония - Кыргызстан: өкмөттөр аралык гранттык келишимдерге да кол коюлду
Экономика
Япония - Кыргызстан: өкмөттөр аралык гранттык келишимдерге да кол коюлду

"Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар" программасынын алкагында Япония өкмөтүнөн Кыргызстанга кайтарымсыз жардам катары 2,8 миллион доллар берилди. Ал эми Талас - Тараз жолундагы Үрмарал дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу максатында 6 жарым миллион доллар бөлүнөт. 

Мындан улам, Кыргызстандагы Япониянын ыйгырым укуктуу элчиси Ямамура Ёсихиро менен Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева алмашуу ноталарына кол коюшту. Ошондой эле, эл аралык кызматташуу агенттигинин туруктуу өкүлү Нэмото Наоюки менен Кыргызстандын каржы министринин ортосунда гранттык келишимдерге да кол коюлду.

“Көпүрөнү реконструкциялоо боюнча, ал эки тараптуу болот, анын узундугу 90 метрди түзөт. Мындан тышкары көпүрөнүн жанындагы жолдор оңдоп-түзөлөт. Бул долбоор унаалардын коопсуздугун сактайт жана көпүрө аркылуу Талас - Тараз жолунда жүк ташууга жол ачылат”,- дейт Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева.