Жаңылыктар
КСДП: Ч. Турсунбеков төрагалыкка көрсөтүлдү
Саясат
КСДП: Ч. Турсунбеков төрагалыкка көрсөтүлдү

Парламенттин социал-демократтар фракциясы лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин төрагалыгына көрсөттү. Мындай чечим фракциясынын кезектеги отурумунда кабыл алынды. 

Эске сала кетсек 20-апрелдеги жалпы жыйында спикерликке эки талапкер Бакыт Төрөбаев менен Канатбек Исаев бирдей 51 добуш менен тең-тең чыккандыктан парламент төраганы шайлай алган эмес.

 “Парламент бүгүн эң туруктуу орган жана саясий турмушта маанилүү ролду ойнойт. Төрага ар бир депутат менен жана ар башка бийлик бутактары менен тил табышып иштеши керек. Ал парламенттик көпчүлүк менен азчылыктын мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүсүндө тең салмактуулукту камсыздап бериши зарыл жана өлкө башчы, өкмөт менен тыгыз кызматтыкта иш алып баруусу керек. “Республика- Ата Журт” фракциясы бирдиктүү талапкерди колдоого чакырат. Эгер Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги сунушталса колдойбуз” , - деди Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика- Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.

"Биринчиден ал эки чакырылыш удаа эл өкүлү болуп иштеп жатат. Экинчиден, ири фракцияны экинчи мөөнөт жетектеп келет жана көпчүлүк коалициянын да башчысы. Үчүнчүдөн, парламенттеги ишмердиги учурунда ал - кабыл алынган чечимдерге жана иштей албаган өкмөткө жоопкерчиликти ала алаарын көрсөттү. Төртүнчүдөн, Турсунбеков абройлуу саясатчы десек болот. Ошондуктан, анын талапкерлиги колдоо табат", - деген оюн Өмүрбек Текебаев билдирди.