Жаңылыктар
Машыктыруучулар менен спорт мекемелеринин кызматкерлеринин маянасы көбөйдү
Спорт
Машыктыруучулар менен спорт мекемелеринин кызматкерлеринин маянасы көбөйдү

Өкмөт машыктыруучулардын эмгек акысын - 50%га, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин маянасын - 20%га көбөйттү. Тийиштүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кабыл алынган токтом 1 500дөн ашуун машыктыруучулардын жана дене тарбия, спорт мекемелеринин 400гө жакын кызматкерлеринин маянасын көбөйтөт.

Ошондой эле, Өкмөттүн токтомуна ылайык, Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга катышууга линцензияга ээ болгон спортчуларга, спорттун сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпиондоруна жана байге ээлерине, спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаттын жана Дүйнө кубогунун чемпиондоруна жана байге ээлерине, "А" категориясындагы эл аралык мелдештердин чемпиондоруна жана байге ээлерине стипендия берилет. 

Стипендиялардын өлчөмдөрү жыл ичинде спортчулар көрсөткөн спорттук натыйжаларга жараша, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттик каржыланышынын чегинде белгиленет жана стипендиаттарга ай сайын төлөнөт.