Токтогул районундагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүно караштуу Ак-Тектир айылынын Алыш-Төр жайлоосуна мөндүр жаап, 6 жылкы тоодон кулап өлдү.
Бул тууралуу "Биринчи радиого" Ийри-Суу айылынын тургуну Имилаш Азимбаева кабарлады. Анын белгилешинче, кечээ кечинде аймакта шамал аралаш мөндүр жааган.