Жаңылыктар
Бишкекке Кытайдан 10 автобус алып келинди
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкекке Кытайдан 10 автобус алып келинди

29-апрель -ордо калаанын күнүнө карата жаңы 10 автобус жүргүнчүлөрдү ташыйт. Кытайдын Үрүмчү шаарынын мэриясы тарабынан белекке келген унаалар, бүгүн расмий түрдө өткөрүлүп берилди. Мэриядан кабарлагандай, автобустар жаратылышы газы менен жүрөт жана жүргүнчулөр үчүн абдан ыңгайлуу. 

Шаар башчысы Албек Ибраимовдун айтымында, мындай автобустарды газ менен камсыздай турган май куйуу бекет да бар. Жакында жаңы унааларга акысыз Wi-fi орнотулат. №42 автобус Ала-Тоо майданынан 12-кичи районго чейин шаардыктарды жана меймандарды ташымакчы.


 Үрүмчү шаарынын биринчи вице-мэри “Өткөн жылы эле втобустарды белекке берүү тууралуу сүйлөшүү болгон. Муну менен биздин кызматташтык токтоп калбайт. Азыр баардык пландарды айта албайм. Бирок алдыда буга окшош жардамдар берилип турат. Үрүмчү шаарында дал ушундай автобустар жүргүнчүлөрдү ташыйт”, - деди Үрүмчү шаарынын биринчи вице-мэри Сюэ Пинь.