Жаңылыктар
Кыргызстанда бир сутка ичинде 2 адам сууга чөгүп кетти
Кырсык
Кыргызстанда бир сутка ичинде 2 адам сууга чөгүп кетти

 Өлкө аймагында  бир сутка ичинде 2 адам сууга чөгүп кеткендигин   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы "Быстроток" каналына 62 жаштагы аял чөгүп,  куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан табышты. 

Жумгал районунун Арал айылындагы Көкөмерен дарыясына 55 жаштагы эркек чөгүп кеткен. Издөө иштери  караңгы киргенине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн, 18-июлда кайрадан уланууда.