Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мелдеш Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюунун 5 жылдыгына жана Евразиялык интеграциянын 25 жылдыгына арналып өткөрүлөт.
Бильярд боюнча өтө турчу биринчилик 7-августтан 14-августка чейин уланат. Анын "Эркин пирамида" түрү боюнча 20дан ашык өлкөдөн спортчулардын катышуусу күтүлүүдө. Мелдешти уюштурууну жана өткөрүүнү Эл аралык пирамида конфедерациясы көзөмөлдөйт.