Жаңылыктар
Шекин хандарынын сарайы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди
Дүйнө
Шекин хандарынын сарайы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди

Чыгыштын бермети. Бул сарайды дал ушундай аташат. Мында акыркы хан Гуссейндин доорундагы бардык буюмдар сакталып калган. Дубалдарына орнаменттер, гүлтөр, ошондой эле азербайжан уламыштарынан алынган жырткыч жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган. 

Ар бир образдын мааниси бар. Мисалга, аял баштуу арстан тынчтыкты жана тартипти даңазалайт. Мында эркектин башталышы жана аялдын акылмандыгы берилген. Куйрук болсо ар бир адамда болгон душман, ал эми балык - кээде тайгак, кээде муздак жашоонун жолу.


Мындай кооздуктун кантип жаралганын ушул эле жайдагы чеберканадан көрүүгө болот. Шебеке, азербайжан тилинен "тор" деп которулат. Түстүү айнектерди жасоо техникасын атадан балага өткөрүп, кол өнөрчүлөр кылдаттык менен сакташат. Тофиг Рашидов аймактагы эң күчтүү чебер.