Жаңылыктар
Памир-Алай аймагын тааныштыруу иретинде маалымат жүрүшү өтүүдө
Туризм
Памир-Алай аймагын тааныштыруу иретинде маалымат жүрүшү өтүүдө

Памир-Алай аймагын тааныштыруу иретинде өтүп жаткан маалымат жүрүшүнө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Швейцариянын элүүдөн ашуун туристтик ишканалары катышууда. Маалымат жүрүшүнүн катышуучулары Ош шаарында жолугуп, калаа менен таанышып, палоо жасоону үйрөнүштү. 

Катышуучулар Чыйырчык ашуусун ашып, Алай жана Чоң-Алайдагы Сары-Ой, Ак-Босого, Чолок-Кайың, Шагдар жайлоолорун көрүшөт. Жүрүштүн өзөгүн Чоң-Алайдагы Ленин чокусунун түбүндө уюштурулган этнофестиваль түзөт. Конокторго аймактагы кыргыздарынын тарыхый жашоо турмушу, салт-санаасы театралдаштырылып көрсөтүлөт. 

Мындан тышкары, тарыхый жерлер, петроглифтер менен тааныштыруу болот. Маалымат жүрүшү 22-июлда аяктайт.