Витебскте “Славян базары” соңуна чыкты. Эстрада ырларынын сынагынын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталды. Баш байге Казакстандан келген өнөрпозго ыйгарылып, "Шериктештик жолундагы ыр" сыйлыгынын ээси болуп Молдовалык ырчы Лидия Исак табылды.
Лидиянын тажрыйбасы чоң. Ал “Евровидения” сынагына, Франциядагы “Голос” долбооруна катышкан. Жаңы альбомун жаздыруу үчүн 2000 доллар сарптагын айтат.
Витебске баруу үчүн Альдихан Макин өз мекени Казакстанда үч жолу тандоо турунан өткөн. Сынакта да үчүнчү болуп сахнага чыкты. Натыйжада, мыкты деп аталып, баш байге менен 20 миң доллар сыйлык алды.
Биринчи орун үчүн Грузия менен Израиль тең тайлашты. Алардын алган упайы да бирдей эле. Тамара Гвердцители төрага катары өзүнүн мекендишине жан тарткан жок. Бирок калыстар тобунун чечими менен биринчи орун Георгий Путкарадзеге ыйгарылды.
Беларусь Республикасынын ырчысы Ваня Здонюк израилдик Илая менен экинчи орунду камсыз кылышты. Келечектеги физик, Орусиялык Иван Дятлов Украиналык катышуучу менен үчүнчү орунду алышты.