Жаңылыктар
Жиу-житсу боюнча кыргызстандык спортчулар 4 байгеге ээ болушту
Спорт
Жиу-житсу боюнча кыргызстандык спортчулар 4 байгеге ээ болушту

Монголияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде жиу-житсу спорту боюнча кыргызстандык спортчулардын куржунуна 4 байге түштү. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты. 

Кыргызстандык спортчулар 2 күмүш, 2 коло медаль тагынышты. Далер Марасулов 69 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 3-орунду багынтса, Муртазали Муртазалиев жана Абдурахман Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. 

Муртазали Муртазалиев - күмүш, Абдурахман Муртазалиев – коло медалга ээ болушту. Төрөкан Багынбай уулу 77 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш байгеге илинген.