Жаңылыктар
“Китеп искусствосу” улуттук сынагы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
 “Китеп искусствосу” улуттук сынагы өттү

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Бишкек шаарындагы басмакана үйлөрүнүн арасында “Китеп искусствосу” улуттук сынагы өттү. Иш-чара жыл сайын уюштурулат. Бул жолу ар кандай чыгарманын түрлөрү боюнча 7 киши жеңүүчү аныкталды. Алардын бардыгына дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Китеп күнүнө карата ата мекендик ырчылардын катышуусунда майрамдык концерт уюштурулган. 

Ал эми жаш күйөрмандар үчүн асфальтка, кагазга сүрөт тартуу жана интеллектуалдык оюндар боюнча сынак жарыяланды. Аны менен бирге китептердин жарманкеси өттү. 20дан ашык басмаканалар өздөрүнүн эмгектерин тартуулап, анын ичинде көркөм чыгармалар, адабий окуу жана сөздүктөр бар.

"Бүгүн биз китеп майрамын майрамдап жатабыз, бул салтанат бизде 2002-жылдан бери өткөрүлөт. Бизде китепти көп окушат. Акыркы 5 жылга көз салсак, китеп окугандар аябай көбөйдү. Мурда китептин авторлору 1 миң даана китепти бир нече жылдап сатышса, азыр китептер жыл сайын басылып чыгууда", - деди Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов.