Жаңылыктар
Бишкек – Сеул түз аба каттамы ачылат
Туризм
Бишкек – Сеул түз аба каттамы ачылат

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын премьер-министрлери Бишкек – Сеул түз аба каттамын ачуу маселесин сүйлөштү. Бул тууралуу чакан жана кеңири форматтагы жолугушуудан соң өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерге билдирди. 

“Эки тараптуу кызматташуубузда транспорт тармагы да көңүл сыртында калган жок. Аба каттамы жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго кол койдук. Туристтик байланыштарды жандандыруу, маданий-гуманитардык тажрыйба алмашуу максатында Бишкек - Сеул түз аба каттамын ачуу маселесин жакшылап карап чыктык", - деди Абылгазиев.