Жаңылыктар
Борбордук Азиядагы Европа мектебинин жамааты окуучулардын көргөзмөсүн өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордук Азиядагы Европа мектебинин жамааты окуучулардын көргөзмөсүн өткөрдү

Балдарга билим берүүдө аларды чыгармачылык жактан өнүктүрүү да абдан маанилүү. Анткени баланын руханий дүйнөсү кеңейип, айлана чөйрөгө мамилеси калыптанат. 

Дал ушул пикирди карманган Борбордук Азиядагы Европа мектебинин жамааты окуучулардын көргөзмөсүн өткөрдү. Ага мектепте окуп жаткан баардык окуучулардын колунан жаралган эмгектер коюлган. Ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жаткан көргөзмөгө балдар сүрөттөрдөн тышкары ар кандай скульптуралык макеттерди да жасап көрүүгө аракет кылышкан.

 Белгилей кетсек Борбордук Азиядагы Европа мектебинде 30 дан ашуун мамлекеттин 150гө чукул балдары билим алат.