Кувейтте Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза мөмө-жемиштердинфестивалы өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чара ата мекендик азыктарды жайылтуу максатындауюштурулган. Дасторконго коон, кулпунай, буурчактан салат, өрүк, алма жанаалмурут коюлган . Кувейттик ишкерлер кыргыз жемиштерин сатып алууга кызыкдар экендиктерин билдирген.