Жаңылыктар
Атамбаев үчүнчү ирет суракка чакырылды
Саясат
Атамбаев үчүнчү ирет суракка чакырылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үчүнчү ирет Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул туурасында Ала-Тоо 24 каналына аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, Атамбаев суракка күбө катары 19-июлда саат онго чакырылды. Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан.