Жаңылыктар
Дарья Маслова Белорусь Республикасында өткөн мелдеште алтын медаль алды
Спорт
Дарья Маслова Белорусь Республикасында өткөн мелдеште алтын медаль алды

Мекендешибиз Дарья Маслова Беларусь кубогу үчүн өткөн жеңил атлетика боюнча мелдеште алтын медаль алды. Бул туурасында аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди. Мелдеш Брест шаарында 18-июлда старт алган. Ага катышууга жергиликтүү спортчулар гана эмес, чет элдик жөө күлүктөр да катышты. Дарья Маслова 5 миң метр аралыкты баарынан мурда чуркап өтүп, марага 15 мүнөт 55 жана жүздөн 59 секундда келди. 

Эркектер арасындагы жарышта кыргызстандык Нурсултан Кеңешбеков 3-орунга ээ болду. Дарья Маслова Азиянын, Азия оюндарынын жана Дүйнөлүк универсиаданын чемпиону. Бир канча күн мурда ал Бишкектеги мелдеште да алтын алган болучу.