Жаңылыктар
Дарья Маслова Беларусь кубогу үчүн өткөн мелдеште алтын утту
Спорт
Дарья Маслова Беларусь кубогу үчүн өткөн мелдеште алтын утту

Кыргызстандык Дарья Маслова Беларусь кубогу үчүн өткөн жеңил атлетика боюнча мелдеште алтын утту. Бул туурасында аталган спорттун түрү боюнча федерациясы билдирди. 

Мелдеш Брест шаарында 18-июлда старт алды. Ага катышууга жергиликтүү спортчулар гана эмес, чет элдик жөө күлүктөр да катышты. Дарья Маслова 5 миң метр аралыкты баарынан мурда чуркап өтүп, марага 15 мүнөт 55 жана жүздөн 59 секундда келди. Эркектер арасындагы жарышта кыргызстандык Нурсултан Кеңешбеков 3-орунга ээ болду. Дарья Маслова Азиянын, Азия оюндарынын жана Дүйнөлүк универсиаданын чемпиону. Бир канча күн мурда ал Бишкектеги мелдеште да алтын алган.