Жаңылыктар
Кыргызстан-Корея бизнес- форумунда 19 макулдашуу, келишимге кол коюлду
Экономика
Кыргызстан-Корея бизнес- форумунда 19 макулдашуу, келишимге кол коюлду

Кыргызстан менен Кореянын ишкерлери катышкан бизнес- форум жыйынтыкталды. Анда эки өлкөнүн ар тармакта иш алып барган компаниялары тарабынан жалпысынан 19 макулдашуу, келишимге кол коюлду. Ишкерлер туризм, саламаттык сактоо, энергетика багытында кызматташат. Форумга эки өлкөдөн эки жүзгө жакын ишкер катышты.

“Биз Кореядан пайдалуу чөптөрдү, дары алып келип сатчубуз. Эми күндөн энергия өндүрүүчү батареяларды чыгарган ишкана менен келишим түздүк. Үч жылдын ичинде миллион долларлык продукцияны сатып алабыз”,- деди ишкер Нурсултан Алтыбаев.