Жаңылыктар
Антонина Шевченко биринчи жолу Абсолюттук мушкерлер уюмунун рейтингине кирди
Спорт
Антонина Шевченко биринчи жолу Абсолюттук мушкерлер уюмунун рейтингине кирди

Мушкер Антонина Шевченко биринчи жолу Абсолюттук мушкерлер уюмунун рейтингине кирди. Жаңы маалыматты уюм 16-июлда чыгарган. Анда 34 жаштагы спортчу эң жеңил салмактагылардын дивизионунда 15-катарга киргизилген. 

Рейтингдин сап башында анын бир тууган сиңдиси, уюмдун чемпиону Валентина Шевченко турат. Антонина UFC уюмундагы алгачкы беттешин былтыр декабрда өткөрүп, түштүк кореялык Жи Йон Кимди жеңген.

Cоңку беттешин ушул жылдын 20-апрелинде Санкт-Петербург шаарында өткөрүп, америкалык Роксанн Модаффериге упай эсеби менен утулуп калган.

Кезектеги кармашы 3-августта Ньюарк шаарында болот. Анда чехиялык Люси Пудилова менен кармашат.