Мамлекеттик каттоо кызматына 1 миллион 300 миң унаа катталган. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору Үсөйүн Касмалиев билдирди. Анын айтымында, болжолдуу түрдө айдоочулардын 40 пайызы унааны ишеним кат менен башкарат.
«Биз жолдо канча унаа жүрөрүн айта албайбыз. Катталгандардын санын гана билебиз. Салык кызматынын маалыматында, 700 миң транспортко салык төлөнөт», — деди ал.