Жаңылыктар
ӨКМ: Көкөмеренге түшүп кеткен киши изделүүдө
Кырсык
ӨКМ: Көкөмеренге түшүп кеткен киши изделүүдө

Нарын облусундагы Жумгал районунун Арал айылындагы Көкөмерен дарыясына 55 жаштагы киши чөгүп кеткендигин  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 17-июлда болгон.  Издөө иштерине  куткаруучулар  тартылган, бирок  азырынча натыйжа жок.  Учурда  издөө иштери активдүү  уланууда.