Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш төраганы кайра тандайт
Саясат
Жогорку Кеңеш төраганы кайра тандайт

Асылбек Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткенден бери ЖКнын төрагасынын орду алигиче бош турат. Бул кызмат орунга 2 талапкер сунушталган: «Кыргызстан» жана “Өнүгүү Прогресс” фракцияларынын лидери Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев. Бирок, эки талапкер боюнча тең парламент бир пикирге бириге алган жок. Добуштар теңме-тең чыгып калды.

Жаңы талапкерди алгачкылардан болуп, “Ата-Мекенчилер” сунуштады. Алар КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун атын атады. Колдой турганын билдирип андан соң “Республика-Ата-Журт” фракциясы чыкты. Бул тууралуу кененирээк Нургүл Жумабекова улантат.

 

13-апрелден бери Жогорку Кеңештин төрагалык кызматы бош турат. Спикерликке талапкер болгон депутаттар, парламенттеги эки фракциянын лидерлери Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев бирдей 51 добуш менен тең чыккандыктан, парламент бул аптада төраганы шайлай албай калды. Жогорку Кеңеш төрагалыгына эми жаңы талапкерлер ат салышаары бул маселеге кайрадан жем таштады. Спикерликке Иса Өмүркулов, Кожобек Рыспаев аттанаары кеп болду. 

Маселенин чоо-жайы аптанын жума күнү гана ачык болду. Парламенттин социал-демократтар фракциясы кезектеги жыйынында лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин төрагалыгына расмий көрсөттү. Ага чейин КСДП лидери маалымат каражаттарына спикирлик боюнча фракциянын ичинде жана фракциялар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Биринчилерден болуп Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин “Ата Мекен” фракциясы колдой турганын билдирди. Өмүрбек Текебаевдин айтымында башкаруучу коалициянын лидери спикерлик кызматтын эки чылбыр, бир тизгинин колго алып, фракциялар ортосунда ынтымакты ыдыратпай ишти жөндөй алат. 


Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери:
“Азыр Ата Мекен социалисттик фракциясына кезек келип турат. Бирок биз СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун кандидатурасын колдоп жылдырганы турабыз. Эмне себептен. Анткени СДПК фракциясы бул-коалиция түзүүчү фракция. Анын негизин пайдубалын түптөйт. Коалиция көп партиядан 4 партиядан турат. Ошолорду ынтымакка чакырып, баштарын бириктире турган фракция СДПК фракциясы ошол тарыхый миссиясын ийгиилктүү аткарсын, анын ичинен саясий салмагы болсун, институционалдык мүмкүнчүлүктөрү болсун деп биз төрагалыкты СДПК фракциясына берип жатабыз.”
Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин расмий колдогон экинчи фракция “Республика- Ата Журт”. Башка фракцияларды төрагалыкка бир талапкерди сунуштоого чакырган оппоизциялык фракциясы СДП лидеринин талапкерлигин бир добуштан колдоого даяр.

Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика- Ата Журт” фракциясынын лидери:

“Парламент бүгүн эң туруктуу орган жана саясий турмушта маанилүү ролду ойнойт. Төрага ар бир депутат менен жана ар кандай бийлик бутактары менен тил табышып иштеши керек. Ал парламенттик көпчүлүк менен азчылыктын мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүсүндө тең салмактуулукту камсыздап бериши зарыл жана өлкө башчы, өкмөт менен тыгыз кызматтыкта иш алып баруусу керек. “Республика- Ата Журт” фракциясы бирдиктүү талапкерди колдоого чакырат. Эгер Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги сунушталса колдойбуз.”
Учурда фракциялар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, келерки аптада тийиштүү комитетте да талкуу болоору айтылууда. Маалыматтар боюнча депутаттар Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаевди төрагалыкка шайлоонун жол-жобосу катуу тартипте жана көзөмөлдө өткөндөй эле бул ирет да төраганы тандоо тартип менен ачык-айкын өтөөрү маалымдалды.

Эске сала кетсек, шаршемби күнкү жыйында эл өкүлдөрү мурдагыдай болбой эсептөө комиссиясынын төрагасы депутаттын аты-жөнүн атаганда гана барып добуш берилди. Жада калса калыстык менен ачыктыкты камсыздоо үчүн эсептөө комиссиясынын өтүнүчү менен эл өкүлдөрү добуш берүүгө келээрден мурда уюлдук телефондорун ордунда калтырып келип жатышты. “Кимдир бирөө бюллетенди сүрөткө тартып, интернетке жарыялачу болсо шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылат-деди эсептөө комиссиянын төрагасы, депутат Мирлан Жээнчороев.

Ага чейин эки талапкер тең кесиптештерине программаларын сунуштады. Ал ортодо 6 фракциянын лидерлери кеңешүү бөлмөсүнө да кирип чыгышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиянын төрагасы, депутат Мирлан Жээнчороев жарыялады.

Маалым болгондой келерки жумада парламент жаңы төрагалуу болот. Конституция жана регламент боюнча спикерликке талапкер жалпы депутаттардын санынын элүүдөн кем эмес добушун алышы керек. Демек спикерликке жаңы талапкер 61 добушка ээ болушу абзел.